“Апамдын наны” аскерлерге дем берет
Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу «Көк-Таш» чек ара бекетинде «Апамдын наны» аттуу акция болуп өттү. Ала-Бука районунун акиминин орун басары Калчабү Усенбаеванын билдиришинче, саамалык райондук администрация жана райондук аялдар кеңеши тарабынан уюштурулган.
«Аскерлер мекенге кызмат кылып жүргөн кезде апаларын сагынышат. Бул маданий саамалык аларга кызык болуп, дем берет», – дейт К.Усенбаева.
Белгилей кетсек, аталган чек ара бекети район борборунан 110 чакырым алыстыкта жайгашкан аймак.
Динар ТУРДУГУЛОВА


Leave a Reply