Мира Шүкүралиева

 – Мира айым, биринчи болгон нерсенин баары эсте түбөлүк калат эмеспи, биринчи жолу теле экранга чыккан күнүңүздү эстесеңиз?  

Ар бир ишимдин башталышы, алгачкы эмгегим, биринчи эфирге чыккан күнүм эч эсимден кетпейт. Чыгармачыл инсандар алгач сахнага чыккан күнүн унутушпайт го, бизде да мына ушундай. Алар үчүн сахна ыйык болсо, биз үчүн телестудия эң ыйык болуп саналат. Студиянын, камералардын өз сүрү болот. Студияга киргенде сыртта болгон нерсенин баарын унутуп калабыз. Алгачкы сахнага чыккан күнүм 14-июнь 2011-жыл. Бул күн менин жашоомдогу кызыл даталардын бири болуп кала берет.

 – Кыргызстанда телеканалдар орустардын алдыңкы каналдарындагы долбоорлорду кайталоодон качан чыгышат же жакшы долбоорлор чаң басып, папкаларда жатабы?

 – Кыргызстандагы телеканалдардын дээрлик көпчүлүгү орусиялык долбоорлорду туурашат. Бул нерсени ар бирибиз танбай, моюнубузга алышыбыз зарыл. “Кыргыздар орусиялык теледолбоорлорду уурдайт, кайталайт” деген сөз чындык. Бирок, Орусиядагы телеканалдар өзүлөрү да Америкалык, Европалык теле долбоорлорду туураарын билип коюшубуз зарыл. Көпчүлүк көрөрмандардын арасында популярдуу болгон “Amerikan Idol”, ток шоулор, эсктремалдуу конкурстардын баардыгы чет жактан келген. Чет өлкөдөгү теле каналдардын иштөө системасы таптакыр башкача. Алар дайыма жаңы долбоорлорду ойлоп таап, ал берүүнүн популярдуу болушуна аябай көп каражат, эмгек жумшашат.  Бирок, бизде бардык кыйынчылыктарга, тартыштыктарга, катачылыктарга карабастан элдин көңүлүнөн түнөк тапкан долбоорлор бар. Андыктан учубуз кур эмес деп айтсам жаңылышпайм.

Мира Шүкүралиева1

– Теле алып баруучунун экрандагы стилин жана жүзүн ким аныктайт?

– Теле алып баруучунун экрандагы стили алып барган проектисине жараша болот. Эгерде күндөлүк жаңылыктар же официалдуу шоу эмес берүүлөр болсо, сөзсүз түрдө классикалык кийим кийилиши шарт. Эң башкысы алып баруучунун өзүнүн стили болушу керек. Себеби, эфирге кийилүүчү кийимдердин баардыгын өзүбүз сатып алгандыктан, эң башкы серепчи өзүбүз андан соң биздин көрөрмандар, жакын адамдарыбыз болушат.

– Теле экранда көпчүлүк учурда классикалык костюмдарды көп киет эмессизби, ал эми эфирден сырткаркы жашоодо кайсы стилде кийингенди жактырасыз?

 Жашоодо мен жалаң спорттук же классикалык стилде кийинбейм. Менин кийинүү стилим бара турган жерге, ошол күнү жасай турган иштериме байланыштуу болот. Бирок, балдарымды мектепке, андан соң окуу курстарына ташып көп жүргөндүктөн, ыңгайлуу жана өзүмдү эркин сезген кийимдерге басым жасайм.

– Жашоодогу жетишкендиктериңиз үчүн кимдин алдында карыздарсыз?

Жашоодогу жетишкендиктерим үчүн биринчи ирээт Кудайга ыраазымын. Андан соң ата-энеме, жолдошума. Себеби, “Жалгыз дарак токой болбойт” деп айтылгандай, менин кылган иштеримдин жеңилин жерден алган менин жакындарым. Алар дайыма кандай кырдаал же маселе жаралбасын мени колдоп, жардам берип келишет.

– Ар бир атактуунун өзүнүн күйөрманы болот эмеспи. Сиздин да күйөрмандарыңыздын саны арбын экени көпчүлүккө белгилүү. Аларга кандай мамиле кыласыз? 

 Сөзсүз түрдө жакшы мамиле кылам. Өзгөчө таң эрте бизге чалып батасын берип, мактаган ак элечек апаларыбызга ыраазымын. Мактоо сөз баарыбызга эле майдай жагат да. Бирок, бата кыргыздарга гана таандык салттардын бири болгондуктан, мен үчүн баарынан улуу адамдардын бата бергени эң ыйык. “Бата менен эл көгөрөт, жамгыр менен жер көгөрөт” деп айтылгандай, ак сакалдуу аталарыбыз, ак элечек апаларыбыз аман болуп, асманыбыз дайым ачык, жергебизде тынчтык болсун.

– “Кемчиликсиз адам болбойт, үмүтсүз жан болбойт” делет, кандай кемчилигиңиз бар? 

 Жашоодо ачык-айрым, шайыр айыммын. Үй-бүлөдөгү атмосфера аялзатынан көз каранды болгондуктан, ар дайым жакшы маанайда жүргөнгө аракет кылам. Үйдө баары жакшы болсо, ишиң да оңолот. Бирок, кимдир бирөөгө катуу таарынып калсам, кек сактамай жайым бар. Кимге таарынсам аны менен андан ары мамиле түзүүнү каалабайм. Менин кемчилигим кек сактаганым жана таарынсам көпкө чейин кечире албаганым болсо керек (күлүп).

Карьера менен үй-бүлөнү бирге алып кеткен аялдар чанда эле кездешпесе, көбү экөөнүн бирөөсүнөн аксап келишет эмеспи? Сизде бул жаатта кандай?

– Карьерамды жасоодо мен үй-бүлөмдөн эч аксаган жокмун. Бактылуу айыммын. Жолдошум мен үчүн абдан акылдуу, айткан сөзүнө турган, достукка бекем, сүйүктүү жолдош, мыкты ата. Айтор, кыргызымдын  жигиттерине тиешелүү сапаттарга ээ. Аты Жыргал Жумгалдын кулуну болот. Экөөбүз бир уул, бир кыздын ата-энеси болдук. Уулубуздун аты Байзак, кызыбыздыкы Аделина.

  Мээрим БАКТЫБЕКОВА