вольксваген

11-январда Казакстандын Акмоло облусуна караштуу Атбасар районунда “Ош-Москва” багытында кыргызстандык 18 жаранды алып бараткан «Фольксваген» микроавтобусу кыймылдаткычы бузулуп, токтоого аргасыз болгон. Өмүрлөрү тобокелде калган жолоочуларды “Алматы-Екатеринбург” автотрассасын көзөмөлдөгөн жол-кайгуул полициясынын кызматкерлери өз маалында көрүп калып, Атбасардын мейманканасына жайгаштырган. Мындай маалыматты кошуна өлкөнүн ички иштер министрлигинин облустук департаменти “Новости-Казакстан” агенттигине билдирген.