парламент1

«Озон катмарын коргоо жөнүндө» мыйзамга толуктоолорду киргизүү тууралуу мыйзам долбоору бүгүн, 24-ноябрда Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында 3-окууда каралып, жактырылды. Мыйзам долбоору КР Экономика министрлигинин статс-катчысы  Айдай Курманова баяндама жасады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.

Долбоор атмосферанын озон катмарын коргоо жаатында КР Өкмөтүнүн алдындагы Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин компетенциясына байланышкан жоболорду жаңылоо бөлүгүндөгү Бажы биримдигине Кыргыз Республикасынын кошулушуна багытталган, аткарыла турган иш-чараларга карата иштелип чыккан. Ошону менен катар озон катмарын коргоо жаатындагы бирдиктүү мамлекеттик саясат жүргүзүүнү камсыз кылуу, озонду бузуучу химиялык заттар камтылган продукцияларды Бажы биримдигине мүчө мамлекеттердин аймагынан Кыргызстанга ташып кирүү үчүн корутундуларды берүү тартибин жана шарттарын, ошондой эле бул корутундулардын жарактуулугун токтотуу тартибин жана шарттарын белгилөө каралган.

Ошондой эле жыйындын жүрүшүндө ири электр энергетикалык өндүрүштүк кубаттуулуктарды куруу үчүн жерлерди которууга мораторийди колдонуу жайылтылбастыгы боюнча мыйзам долбоору 3-окууда жактырылды.

Бул «Сугат айдоо жерлерин жарактуу жерлердин башка категорияларына жана түрлөрүнө которууга (трансформациялоого) мораторий киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоо киргизүү тууралуу» мыйзам долбоорунда чоң-чоң ГЭСтерди куруу мамлекеттик жана коомдук керектөөлөрдү камсыздоого багытталаары айтылган. Электр энергиянын жетишсиздиги экономиканын өнүгүшүнүн баардык тармактарынын мүмкүнчүлүктөрүн чектелери белгиленип, өнүгүүнү жандандыруу жана электр кубатынын жетишсиздигин жоюу максатында гидро жана жылуулук станцияларын куруу күндүн талабы экени көрсөтүлгөн.

Мындан сырткары, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын 2013-жыл үчүн республикалык бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчет тууралуу» мыйзам долбоору каралып, жактырылды.