КР ЖКнын депутаты Улан Чолпонбаев интеллектуалдарды тарбиялайт
КР ЖК депутаты, аксуулук Улан ЧОЛПОНБАЕВдин демилгеси менен Ак-Суу районундагы жалпы билим берүүчү мектептердин 5-11-класстарынын окуучулары арасында «Аймактын чыгаан адамдары» темасында дил-баян жазуу боюнча конкурс өткөрүлдү.
Иш-чара өсүп келе жаткан жаш муундарды эли-жерин чексиз сүйүүгө, өтөлгөлүү өмүр жолдору калк кызыкчылыгына арналган аймактын кадырман адамдарынан үлгү алууга, ошондой эле өздөрүнүн интеллектуалдык жеке деңгээлдерин жогорулатууга арналып, окуучулардын жазуу иштери эки айлампада каралды.
Жакында райондогу 35 мектептерден келген бирден жеңүүчүлөр райондук борбордогу С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясында алгач мектеп директорлору, райондун акими Ж.Байсеитов жана КР ЖК депутаты У.Чолпонбаев менен жолугушуп, алардын нускалуу кеп-сөздөрүн угушкандан кийин дил-баян жазууга олтурушту.
…Атаандаштыкка катышкан окуучулардын бир саатка созулган жазуу иштери да соңуна чыгып, курамына К.Тыныстанов атындагы Ысык-Көл мамлекеттик университетинин филолог-окутуучусу, раймамадминистрациясынын жана райондук билим берүү бөлүмүнүн, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү кирген калыстар тобунун жыйынтыгы менен III орунга – 3, II орунга – 2 жана I орунга 1 окуучу ээ болуп, демилгечи-депутат тарабынын планшет, уюлдук телефондор сыяктуу баалуу белектердин ээлери болушту. Депутат тарабынан бул күнү сынакка катышкан бардык окуучулар депутаттын колтамгасы коюлган күндөлүктөр жана баалуу белектер менен сыйланышты.
У.Чолпонбаевдин айтымына караганда, жеңүүчү болгон 6 окуучу жана бул күнү сынак өткөрүлгөн С.М.Киров атындагы мектеп-гимназиясынын директору М.Соколов менен К.Эшимбеков атындагы орто мектебинин директору Т.Атыгаев райондогу мыкты мектеп жетекчилери иретинде окуучулардын алдыдагы кышкы каникул күндөрү бир нече күнгө Бишкек шаарындагы маданий жайларда эс алып, Жогорку Кеңештин иши менен жакындан таанышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
Аймактын жалпы тургундары тарабынан жылуу кабыл алынып, жаштардын «Табылга» коомдук бирикмеси тарабынан да колдоого алынган мындай интеллектуалдык атаандаштыкты мындан ары ар кыл формаларда жана мазмундарда жылыга өткөрүп туруу белгиленүүдө.
Эгемберди САДАБАЕВ, Ысык-Көл облусу
Leave a Reply