Жалал-Абад шаарынын аймагындагы өспүрүмдөр бош убактысын кантип өткөрүп жатышат?
“Жалал-Абад шаарынын аймагында 2015-жылдын 18-январына чейин орто мектептерде эс алуу убагы болгондугуна байланыштуу Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн 2015-жылдын 12-январындагы №9 буйругунун негизинде жаш өспүрүмдөрдүн бош жүргөн убактыларын кандай өткөрүп жаткандыктарын аныктоо жана өспүрүмдөрдүн арасында зордук-зомбулук, кылмыштуулукту алдын алуу максатында Жалал-Абад шаарынын аймагында “Каникул” аталыштагы профилактикалык рейди өткөрүлүүдө.
Рейддин жүрүшүндө Жалал-Абад ШИИБнын өздүк курамы жана шаардык мэриянын социалдык кызматкерлери катышууда.
Алгач эле Жалал-Абад областы боюнча шаар мэриясынын алдындагы кайрымдуулук борборунун селсаяктар үчүн атайын жатаканасы текшерилди. Ал жатаканада облустун ар кайсыл райондорунан келген, өздүк документтери жок, айрымдары үйүнөн качып чыккандар, жатаканасы жок болуп, селсаякка айланып, ошол жерде жашап калгандар. Күндүн суугунда жыйырмадай болуп кетишип жана аял кишилер да бар экени айтылды.
Шаардык бюджеттин эсебинен аларга күнүнө бир маал ысык тамак берилип, мончого түшүрүлүп жана кийим-кечектер алынып берилип турат,-деп билдирди кайрымдуулук борборунун директору Талант Касымов.
Мейманбү АКЖОЛОВА, Жалал-Абад облусу



Leave a Reply