свет

2015-жылдын февралынан тарта калк үчүн электр энергиясына карата тарифтер 700 кВт.сааттан жогору пайдаланылган учурда 1 кВт.саатынын баасы 1 сом 82 тыйынга чейин (учурда анын баасы 2 сом 05 тыйын) төмөндөй тургандыгын бүгүн, 9-январда Бишкектеги маалымат жыйында отун-энергетикалык комплексти көзөмөлдөө боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Нурбек Элебаев билдирди. Анын айтымында, калган колодонуучулар үчүн тарифтер 1 кВт.саат үчүн 1,97 сомго чейин төмөндөйт. Нурбек Элебаев Казакстан менен болгон келишимге ылайык декабрда 233 млн кВт.саат камсыздалышы керек болгондугун, иш жүзүндө 118 млн кВт. колдонулгандыгын кошумчалады.

Мээрим Бактыбекова