аэропорт1

“Манас” аэропорту 2014-жылдын 11 айында 2 миллион 746 755 жүргүнчүнү тейледи. Өкмөттүн маалыматына таянсак, учурда 18 авиакомпания кызмат көрсөтүүдө, алардын бешөө кыргызстандык компаниялар. Аталган аэропортто былтыркы жылдын 11 айында 26 315 каттам ишке ашырылган, мунун 17 454ү эл аралык, 8861и ички каттамдар. Жүргүнчү ташуунун өсүү динамикасы төмөндө:

2009-жылы – 927 339 жүргүнчү тейленген;

2010-жылы – 1 миллион 135 294 жүргүнчү;

2011-жылы – 1 миллион 562 755 жүргүнчү;

2012-жылы – 1 миллион 893 033 жүргүнчү;

2013-жылы – 2 миллион 420 253 жүргүнчү;

2014-жылдын 11 айы – 2 миллион 746 755 жүргүнчү.

Мээрим БАКТЫБЕКОВА