преступ

 Ош облусунун Кара-Суу районунун 4 тургуну кара тор артына камалды. Кылгылыкты кылып коюп, 2-январда Кара-Суу районунун Сарай аймагынын тургуну, 1969-жылы туулган Г.Дүйшеева милицияга кайрылып, 30-декабрдан бери күйөөсү Эгемберди Акаев жоголуп кеткенин билдирген. Бул кайрылууга милициянын тажрыйбалуу тергөөчүлөрү тартылган. Иштин жыйынтыгында Э.Акаевдин өлгөн денеси көмүлгөн жерден чыккан. Э.Акаев 29-декабрда кечинде үйүнө келип, уулу Жаныбек менен уруша кеткен. Жаныбекке болушуп, аялынын иниси экөө аны тепкилеп киришкен. Уулу көмүрканадан калакты алып келип, атасынын эсин оодара башка чапкан. Ушул учурда аялы Гүлнара ал тирүү калбасын деп балдарды ого бетер көкүтүп турган. Анын иниси Сүйүн жездеси Э.Акаевди өлтүрүүдөн баш тартып, ооруканага жеткирип, милицияга билдириш керектигин айтса, эжеси өз инисин коркутуп, аны күнөөлөп салаарын айткан. Андан соң, аягына чейин өлтүрүү максатында Э.Акаевди муунтушкан. Акырында өзү, эки иниси жана уулу кармалышты.

Даярдаган Сымбат Максүтова