“Акча талап кылган” деген шек менен Ош шаарынын ички иштер башкармалыгынын тергөөчүсү кармалды
Маалыматка ылайык, Ош шаарынын прокуратурасына арыз менен Кара-Суу районунун тургуну кайрылган. Анда ал Ош шаарынын ички иштер министрлигинин тергөөчүсү ага кылмыш ишин козгойм деп 1,5 миң доллар талап кылганын айтып, ага чара көрүүнү суранган. Бул арыздын негизинде КРнын Кылмыш жаза кодексинин 313-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында, 100 миң сом пара алып жаткан жеринен Ош ШИИБинин ага-тергөөчүсү кармалды. Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.
Булак: super.kg


Leave a Reply