Импорттоло турган банкоматтарды, пост-терминалдарды, төлөө терминалдарды жана банк күркөлөрдү КНСтен бошотуу боюнча мыйзамга түзөтүү демилгеленүүдө
Бүгүн, 17-декабрда “Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору 2-окууда каралды. 2-окуудагы мыйзам долбоорун Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Замир Бекбоев жыйынга алып чыгып, депутаттардын суроолоруна Экономика министринин орун басары Адылбек Касымалиев жооп берди. Мыйзам долбоор импорттолуучу банк жабдууларын КНСтен бошотуу максатында Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 257-беренесине толуктоо жана өзгөртүү киргизүүнү карайт. Мыйзам долбоорун мурда каралган маалда депутаттардын көптөгөн суроолоруна байланыштуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтү көптөгөн банк жабдууларын КНСтен бошотуусу жөнүндөгү Салык кодексине банкоматтар, пост-терминалдар, төлөө терминалдары жана банккүркөлөр деп так көрсөтүүнү сунуштаган. Депутаттар Элвира Жумалиева, Исмаил Исаков, Исхак Пирматов банктар бай мекемелер болуп саналгандыктан, банк жабдууларын КНСтен бошотууга айтылган негиздемелер чындыкка дал келбестигин, бул банктардын кызыкчылыгы экенин айтып, каршы пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.
Мээрим БАКТЫБЕКОВА


Leave a Reply