убийство на вер
 Чүй облусундагы Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Боз-Бөлтөк капчыгайында бакка байланган 21 жаштагы жигиттин жансыз денеси табылды.

Бүгүн, 16-декабрда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ал 1993-жылы туулган Мадалов Зарипбек Манасбекович болгон.

З.Мадалов ушул жылдын 13-октябрынан бери Аламүдүн РИИБ тарабынан изделип жаткан. Куткаруучулар денени милиция кызматкерлерине тапшырышты.