Орусияда тартип бузуп кармалган 17 чет элдик жарандын арасында кыргызстандыктар да бар
Тюмен шаарында өткөрүлгөн “Эмигрант” оперативдик-профилактикалык иш-чаранын алкагында Кыргызстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын 17 жараны кармалды. Жалпысанын аймактагы чет элдик жарандар жашаган 37 жай текшерүүгө алынган. Бул тууралуу бүгүн, 15-декабрда Орусиянын ИИМинин “Тюмен” муниципалдык бөлүмүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, оперативдик-профилактикалык иш-чаранын алкагында 27 административдик протокол түзүлгөн. Анын ичинен алтоо мас абалдагы жарандарга карата, жетөө Орусиянын аймагында жүрүүчү режимди бузгандарга карата, бир протокол курал жаракты каттоонун убактысынан өткөргөн жаранга карата ал эми калган протоколдор Орусиянын ИИМинин мамлекеттик автоинспекциясы тарабынан түзүлдү.
“Кармалган жарандарга карата Орусиянын административдик укук бузуу кодексине ылайык чара көрүлөт. Мындан ары ушул сыяктуу иш-чаралар дайыма өткөрүлмөкчү”, деп айтылат маалыматта.
Булак: super.kg


Leave a Reply