Нобелдин тарыхындагы эң жаш ээси – 17 жаштагы М.Юсуфзайга сыйлыктын алтын медалы тапшырылды
Малала Юсуфзай мындай даражадагы дүйнөлүк сыйлыкка ээ болгондордун тизмесинде эң жашы болуп калды, деп маалымдайт чет элдик басылмалар.
Кайлаш Сатиярти жана Малала Юсуфзай
![]()
Сыйлыктын лауреаттары балдарга жана өспүрүмдөргө карата зордук-зомбулуктарга каршы туруу менен, бардык балдардын билим алуу укугуна ээ болуусу үчүн жүргүзгөн күрөштөрү үчүн татыктуу деп табылды.
Жогорку даражады дүйнөлүк сыйлыкка ээ болгон Малала Юсуфзай ушул жылы 17 жашка толду. Малаланын тарыхы 11 жашка толгондо башталган.
Ал интернет-блог аркылуу өзүнүн жашоосу жана Сват (Пакистан) аймагында жайгашкан мектептердин бириндеги окуусу тууралуу айтып берген. Ошол учурда бийлик менен исламисттердин ортосунда куралдуу каршылыктар улантылып, кыздардын билим алуусуна тыюу салынган.
«Пакистандык мектеп окуучусунун күндөлүгү» ЖМК аркылуу жарыяланып, Малала Юсуфзай бир нече басылмаларга маек берүү менен документалдык тасмаларга тартылып, балдардын укугун коргоо боюнча жергиликтүү комиссиянын ишине активдүү катышып турган.
2012-жылдын октябрь айында ага Талибан кыймылынын жан кечтилери тарабынан кол салуу болуп, атылган октон башынан жана моюнунан жарадар болгон. Бул кол салуудан кийин дарылануудан өткөн жаш укук коргоочу ушул жылдын март айынан баштап Улуу Британиянын Бирмингем шаарындагы мектептердин биринде билим алуусун улантууда. Ошондой эле, аялдардын билим алуудагы укугу үчүн күрөшүүсүн улантып келет.
Кошумчалай кетсек, буга чейин мындай бийик даражагы дүйнөлүк сыйлыкка татыктуу болгондордун тизмесиндеги эң жаш сыйлык ээси – Гватемала Республикасынын жараны 33 жаштагы Ригоберта Менчу болгон. Ага аталган сыйлык 1992-жылы берилген.

Leave a Reply