Бишкектеги мектеп окуучулар арасында Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде билим алууга шарт түзүү максатында предметтик олимпиада өтөт
Бишкек шаарында 20-декабрда Орусиядагы Санкт-Петербург мамлекеттик университетинде билим алууну каалоочулар үчүн шарт түзүү максатында 9-11-класстын окуучуларынын арасында предметтик олимпиада өткөрүлөт.
Орусия кызматташтыгынын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына ылайык, олимпиада математика, химия, география, медицина, тарых, коом таануу, укук, экономика жана информатика багыттары боюнча өткөрүлөт.
Иш-чара Санкт-Петербург мамлекеттик университети тарабынан Бишкек шаардык мэриясынын Билим берүү башкармалыгынын, Орусия Федерациясынын Кыргызстандагы элчилигинин жана «Орусия кызматташтыгы» Федералдык агенттигинин Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн колдоосу менен уюштурулууда.
Булак : Баракелде


Leave a Reply