Эт азыктарын экспорттоонун жолдору такталууда
3-декабрда Москвада кыргыз-орусиялык экономикалык кеңештин өкүлдөрү Евразиялык экономикалык комиссиянын(ЕЭК) адистери менен жолугушуп, анда айрым бир экономикалык маселелер, алардын арасында Кыргызстандан Орусияга эт азыктарын экспорттоо темасы да талкууланды.
“Бул актуалдуу маселе, бирок чечүүнүн жолдору тактала элек. Ошентсе да, кыргызстандык ишкерлер ишти баштоого шымаланып турушат. Премьер-министр мамлекеттик түзүмдөр менен биргелешип иштешүү үчүн бизнес өкүлдөрүнөн атайын жумушчу топ түзүү демилгебизди колдогон. Мындай топ түзүлдү жана ЕЭКтен да колдоо сурадык”,- дейт кыргыз-орусиялык экономикалык кеңештин аткаруучу директору Болот Дүйшалиев.
Евразиялык экономикалык комиссия кыргыз тараптын кайрылуусун жерде калтырбай, эксперттерди бөлүп берди.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply