Бюджет экинчи окууда кабыл алынды
Жума ортосунда өткөн Жогорку Кеңештин жыйынында КР Премьер-министри баштаган Өкмөт мүчөлөрүнүн, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилеринин катышуусунда «Кыргыз Республикасынын
2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда кабыл алынды.
Депутаттар тарабынан мыйзам долбооруна бир катар түзөтүүлөрдү киргизүү сунуштары айтылды. Андан сырткары, Жогорку Кеңештин Токтому аркылуу КР Өкмөтүнө үчүнчү окууга чейин республикалык бюджет долбоорун жакшыртуу жаатында тапшырмалар берилди. Вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев КР Өкмөтүнүн атынан эл өкүлдөрүнө ыраазычылык билдирүү менен жыйын жүрүшүндө бир катар жүйөлүү сунуштар берилгенин, аларды эске алуу менен мыйзам долбоору дагы жакшыртылаарын белгиледи. Эске салсак, КР Өкмөтүнүн берген маалыматына караганда, 2015-жылга ички дүң өнүмдүн номиналдуу көлөмү 442,8 млрд. сом көлөмүндө, ички дүң өнүмдүн өсүшүнүн иш жүзүндөгү арымы 6,2 пайыздын деңгээлинде (2016-жылы – 6,6 пайыз, 2017-жылы – 7,0 пайыз) болжолдонууда.
2015-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 102 702,7 млн. сом өлчөмүндө же ички дүң өнүмгө карата 23,2 пайыз көлөмүндө каралууда. Бюджеттин кирешелери 2014-жылдын бекитилген бюджетине карата 9,9 пайызга же 9 246,6 млн. сомго, ал эми 2014-жылдын такталган бюджетине карата 2 659,9 млн. сомго көбөйгөн. 2016-2017-жылдары тиешелүүлүгүнө жараша 110 094,1 млн. сомду жана 121691,2 млн. сомду түзөт. Жаңы республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 2015-жылы 117 386 млн. сом деңгээлинде белгиленүүдө. Ал эми операциялык чыгымдарды, каржылык жана каржылык эмес активдерди камтыган республикалык бюджеттин чыгашалары 2015-жылы 136 239,7 млн. сомду түзгөн. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2015-жылы 15 661,1 млн. сом, 2016-жылы 20 115,9 млн. сом, 2017-жылы 19 262,5 млн. сом багыттоо пландаштырылууда. 2015-жылга республикалык бюджеттин тартыштыгы 14 683,3 млн. сомду, мунун өзү ички дүң өнүмгө карата 3,3 пайызды түзөт.
Азизбек ЧАМАШЕВ


Leave a Reply