Биометрикалык маалымат ташыргандардын саны 700 миңге жетти
3-декабрга карата Кыргызстан боюнча 698 миң 540 жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды. Бул боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Жалпы улуттук өнөктүккө катышуу акыркы күндөрү кыйла жанданганы байкалууда.
Маселен, 1-декабрь күнү каттоодон 74 миң 102 адам өтүшсө, биометрикалык маалыматтарды жыйноо боюнча Ош шаары (30%) алдыда. Андан кийин Ош облусу (23%) жана Нарын облусу (23%) келатат.
Ушул тапта Орусияда жашап жана иштеп жаткан Кыргызстандын жарандары да биометрикалык маалыматтарды тапшырышууда. Маселен, Урал жана Сибирь федералдык округдарынын аймагындагы кыргыз жарандары Екатеринбург шаарында жайгашкан Кыргызстандын Генералдык консулдугуна келип, катталып жатышкандыгын бул дипломатиялык мекеменин атташеси Азатбек Береналиев билдиргендигин CA-News кабарлады.
Кошумчаласак, жалпы республика боюнча 16 жаштан жогорку курактагы 3 млн. 884 миң 270 жаран биометрикалык каттоодон өтүүлөрү керек.
| Катар
№ |
Облус/шаар | 16 жаштан жогорку курактагы жарандардын саны | 3-декабрга карата тапшыргандардын
саны(бир күндүн статистикасы) |
Өнөктүк башталгандан бери
тапшыргандардын саны |
Тапшыргандардын
жыйынтыгы % менен |
| Бишкек | 670335 | 5 207 | 84 641 | 12,63 | |
| Ош | 170224 | 4 226 | 51 475 | 30,24 | |
| Ош облусу | 774572 | 13 905 | 182 089 | 23,51 | |
| Нарын облусу | 185617 | 3 952 | 43 166 | 23,26 | |
| Чүй облусу | 581030 | 9 628 | 103 339 | 17,79 | |
| Ысык-Көл облусу | 316 620 | 5 159 | 48 927 | 15,45 | |
| Баткен облусу | 314 989 | 5 652 | 61 950 | 19,67 | |
| Талас облусу | 155200 | 2 929 | 30 104 | 19,40 | |
| Жалал-Абад облусу | 715683 | 8 907 | 92 849 | 12,97 | |
| 3884 270 | 59 565 | 698 540 | 17,98 |
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Leave a Reply