феруза

2014-жылдын 4-декабрында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Төрайымы Феруза Жамашева Кыргыз Республикасындагы сот тутумун өнүктүрүү долбоорунун ишмердигинин көлөмүн аныктоо боюнча Дүйнөлүк банктын миссиясынын өкүлдөрү Клаус Деккер жана Жаныбек Ыбрайым уулу менен жолугушту. Бул тууралуу  Жогорку Соттун басма сөз кызматы маалымдады.

Жолугушуу учурунда Ф. Жамашева сот тутутмунда жүрүп жаткан реформа тууралуу, 2017-жылга чейин сот тутумунун өнүгүү программасы иштели чыккандыгын, анын артыкчылыктары жөнүндө кыскача айтып берди. Мамлекеттик максаттуу программа Жогорку сот, Судьялар кеӊеши, Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьяларды окутуу Борбору менен биргеликте иштелип чыгып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жактырылып, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши тарабынан бекитилген.  Мамлекеттик максаттуу программанын негизги артыкчылыктары – биздин сот тутумду ачык жана жеткиликтүү кылуу. Азыркы учурда , Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун 2 сайты иштөөдө. www.jogorku.sot.kg сайтындаЖогоркуСоттунжаӊылыктарыжанасоттукиштердинырааттамасыменентаанышуугаболот. Жогорку Соттун Төрайымынын онлайн кабылдамасы иштейт. Ал эми www.sot.kgинтернет-порталында Жогорку Соттун, Бишкек шаардык сотунун, Бишкек шаарындагы райондук соттордун, Чүй облусунун жана Ош облусунун кээ бир сотторунун судьялары өздөрү кабыл алган сот актыларын жайгаштырышат. Келечекте www.sot.kg интернет-порталына бардык соттордун сот актыларын жайгаштырууну көздөп жатабыз.

Мындан тышкары, биз электрондук сот өндүрүшүн киргизүүнү пландоодобуз. Мындай жаӊылануунун негизинде жарандар доо арыздарын интернет аркылуу электрондук түрдө бере алышат. Бул сот өндүрүшүнүн негизги функцияларынын бири болуп судьялар арасында сот иштерди автоматтык түрдө бөлүштүрүү саналат. Биз ишти белгилөөдөн баштап сот актыларынын архивине чейин баардык процесстер ачык болушун пландап жатабыз. Дагы бир маанилүү артыкчылык – бул жогорку квалификациялуу кадрлар менен сот тутумун камсыздоо болууда. Сот отурумдар залдарын видео байкоо жүргүзүү менен жабдууну пландап жатабыз. Жакын арада сот отурумдарында тартипти сакто жана камсыз кылуу, сот процессине катышкан тараптардын судьяларга басымдар болбош үчүн Сот арачыларын киргизүүнү көздөөдөбүз.

Өз учурунда Клаус Деккер мырза Жогорку Соттун Төрайымына ыраазычылык билдирүү менен бирге Кыргызстандын карапайым жарандары жынысына жана социалдык статусуна карабай сот тутуму тууралуу маалыматтарды ачык жана жеткиликтүү ала тургандыгы алар үчүн өтө маанилүү экендигин белгилеп өттү.