Лейлек райондук паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Азамат Анаркулов: «Биометрикалык маалыматтарды каттоого кайдыгер болбойлу»
Биометрикалык каттоо боюнча жалпы улуттук өнөктүк 2014-жылдын октябрынан тартып, 2015-жылдын август айына чейин уланары белгиленген. Учурда каттоо иштери өлкөбүздүн бардык аймагында жүргүзүлүүдө. Биз бул багытта калк арасындагы кээ бир түшүнбөстүк суроолор менен кошо кеңири маалымат берүүнү суранып Лейлек райондук паспорт, виза жана каттоо бөлүмүнүн башчысы Ананркулов Азамат Абдикаримовичке кайрылдык.
-Азамат Абдикаримович, учурда жүргүзүлүп жаткан биометрикалык каттоо өнөктүгү көпчүлүк атуулдарыбыз үчүн түшүнүксүз. Алгач биометрикалык маалымат деген эмне, каттоодон өтүүнүн кандай мааниси бар маегибизди ушундан баштасак.
-Биометрикалык маалымат деген бул-адамдын өздүгүн так дал келтирүүгө мүмкүндүк берген, өлчөнүүчү, адамдын кайталангыс физиологиялык белгилери болуп саналат.Физиологиялык белгилер демекчи айта кетсек алар манжаларынын тактары, санариптик сүрөтү, электрондук кол тамгасы. Бул маалыматтарды адамдын инсандыгын тактоодо жасалма жол менен жасоого болбойт. Ал эми каттоодон өтүүнүн мааниси башка бирөөнүн маалыматтарын кыянаттык менен пайдаланууга бөгөт коет, ошону менен бирге чет өлкөгө чыгууда виза алууну жеңилдетерин айта кетүүбүз оң. Мындан тышкары мамлекет тарабынан берилген кызматтарды алууда бюрократияны кыскартып, зарыл документтердин жана башка жоболордун санын кыскартууга мүмкүнчүлүк берип, шайлоочулардын так тизмесин түзүү үчүн негиз болот.
-Биометрикалык маалымат берүү кимдер берет?
–КРнын аймагында жана чет өлкөлөрдө жашаган 16 жаштан жогорку КРнын жарандары өзүнүн биометрикалык маалыматтарын берүүгө милдеттүү. Бул жерде белгилей кетсек атуулдарыбыз катталган же жашаган жерине карабастан, биометрикалык каттоо өтүп жаткан пунктун каалаган бөлүмүндө тапшырса болот.
-Каттоодон өтүү үчүн кандай документтер жана ошол эле учурда канча убакыт талап кылынат?
-Ар бир атуулда КРнын жаранынын паспорту болушу керек. Ал эми биометрикалык маалыматтарды берүүгө 4-10 мүнөт гана убакыт кетет. Айта кетсек маалыматтарды каттоо бардык жерде акысыз жүргүзүлөт. Ошону менен бирге бардык жарандарды бул маалыматтарды берүүгө чакырып кетээр элем. Анткени биометрикалык маалыматтарды топтоо бул калктын бирдиктүү мамлекеттик реестрин түзүүдөгү негизги иш-чара болуп эсептелет. Бул кезегинде жарандардын конститутциялык укуктары менен эркиндиктерин жана жалпысынан жарандардын, мамлекеттин коопсуздугун коргоо, калкты маалыматтык жактан тейлөөнү, демографиялык жана миграциялык абалды эсепке алууну жакшыртуу, социалдык камсыз кылуу, ишке орноштуруу, билим берүү жана жарандардын ден соолугун коргоодо, ошондой эле коррупция менен экономикалык кылмышка каршы күрөшүүдөгү көйгөйлөрдү чечерин белгилеп кетсек.
-Азамат Абдикаримович, дагы бир суроо көпчүлүк аялдар динди карманышып жылаңбаш сүрөткө түшүүдөн баш тартышат. Ал эми көз айнекчен атуулдар да бар. Булар жөнүндө эмне демекчисиз?
-Диний ынанымдар боюнча аялдарга жоолук кийүүгө мүмкүнчүлүк түзүлгөн. Анда бет-жүз, чекесинен тартып ээктин ылдый жагындагы моюндун жогорку жагына чейин ээктин так сүрөтү алынат. Жоолукту башты тыгыз жапкыдай кылып салынса болот. Ал эми көрүүсү боюнча IIIIII топтогу майыптарга көз айнекчен сүрөткө түшүүгө жол берилет.
-Акыркы суроо, азыркы мезгилде бул иш-чара Лейлекте кандайча жүргүзүлүп жатат?
-Биометрикалык маалыматтарды каттоо райондук мамлекеттик администрациянын түздөн-түз көзөмөлүндө. Учурда райондун аймагында 13 каттоо пункттары ачылып, жер-жерлерде бул өнөктүк жүргүзүлүп жаткан учуру. Ошондой эле бул иш-чараны өткөрүүдө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө иш алып барган райондун аймагындагы билим берүү кызматкерлерине ыраазычылык билдирип кетмекчимин. Учурдан пайдаланып дагы бир жолу бардык жарандарды бул өнөктүккө катышууну жана кабарсыз атуулдарга жеткирүүгө көмөктөшүүсүн суранып кетмекчимин. Келиңиздер, сиздер каалаган пунктка барып биометрикалык маалымат берсеңиздер болот.
Маектешкен: Нурбек Каримов Лейлек району


Leave a Reply