парламент1

Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 5-декабрда Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын депутаттары көчмө жыйындын алкагында Жети-Өгүз, Тоң райондорунда жер титирөөдөн жабыр тарткандардын абалынан кабар алышууда.

Жети-Өгүз районунун борбору болгон Кызыл-Суу айылында эл өкүлдөрү район боюнча туугандарынын колунда турган 54 томолой жетим балага көмүр таратып, райондогу майып балдарга коляскаларды жана башка тиешелүү жабдууларды тапшырышты. Ошондой эле Тосор айылында жер титрөөдөн жабыр тарткан үйлөрдү, мектеп имаратын кыдырып чыгышты.

Иш сапар андан ары уланып, Тоң районунун борбору Бөкөнбаев айылында жетишпеген үй-бүлөлөргө көмүр таркатылды.

Учурда Бөкөнбаев айылында Ысык-Көл облусунун Тоң районунда болгон жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан көрүлүп жаткан чаралар тууралуу фракциянын көчмө жыйын өтүп жатат.

Көчмө жыйынга Кыргыз Республикасынын өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов, Архитектура, курулуш жана туракжай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Турдубек Мамбетов, Энергетика жана өнөржай министри Кубанычбек Турдубаев, Каржы, Саламаттыкты сактоо жана башка министрликтеринин өкүлдөрү катышууда.