батыралиев
КРнын саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев 29-ноябрда №3 балдар ооруканасына пландалбаган иш сапар менен баргандыгын министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Анын маалыматына караганда, иш сапардын жүрүшүндө министр, жандандыруу жана хирургиялык бөлүмдөрдүн, чарба иштери, дарыгерлер бригадасынын эс алуу бөлмөлөрүнүн абалы менен таанышты.

«Башкы дарыгер Талант Өмүрбеков, жаңы инвестициялык пландар – жаңы хирургиялык имараттын курулушу, жаңы жабдууларды алып келүүдө булактарды издөө, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана жаш кадрлардын абалын жакшыртуу боюнча тапшырмаларды чечүү жөнүндө айтып берди»,- деп маалымдайт басма сөз кызматы.