Бишкектик «Алга» футбол боюнча Литвадагы өспүрүмдөрдүн эл аралык Ateitis cup-2014 турниринин акрыкы матчында испаниялык «Барселонага» жол бошотту. Бул тууралуу турнирдин расмйи сайты билдирди.Беттеш 28-ноябрда В тайпасынын топтук этабынын 3-айлампасынын алкагында болду. Испаниялык клуб 3:0 эсебинде жеңишке жетишип, тайпадагы биринчи орунга жазылды.

Буга катарлаш матчта Минсктин «Динамо» клубу орусиялык ФШМ-2ни жеңип (3:0), турнирдик таблицада алгачыларды ашып кетти.

Тайпалык раунддун жыйынтыгында «Барселона» 7 упай менен биринчи орунду, «Динамо» экинчи орунду (5 упай) ээлешти. «Алга» активинде 4 упай менен үчүнчүгө, ал эми ФШМ-2 «топтолгон упайлар» графасында нөлдүк эсеп менен акыркыга жазылды.

Эске салсак, турнирдин баштапкы матчында «Алга» ФШМ-2ни 3:1 менен уткан болсо, андан кийин «Динамо» менен 0:0 эсебинде тең чыккан.

Турнирдик таблица, В тайпасы

Команда

оюн

жеңиш

тең чыгуу

жеңилүү

гол

+/-

упай

1

  «Барселона»

3

2

1

0

9-2

+7

7

2

  «Динамо»

3

1

2

0

5-2

+3

5

3

  «Алга»

3

1

1

1

3-4

-1

4

4

  ФШМ-2

3

0

0

3

1-10

-9

0