“Ремень” каймана атка ээ “мыйзамдагы ууру” делген Грузиянын жаранына кыргызстандык паспорт мыйзамсыз берилгени аныкталды
Криминалдык статуска ээ болгон чет өлкөлүк жаранга КРнын паспорту мыйзамсыз берилгени аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда аталган министрликтин басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, 2012-жылдын жазында Ош шаары боюнча Мамлекеттик каттоо кызматынын Калкты каттоо департаментинин тез документ жасоо бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан пайдаланып расмий документтерге жалган маалыматтарды киргизишкен. Мыйзамсыз иш-аракеттердин жыйынтыгында Грузиянын жараны “мыйзамдагы ууру” криминалдык статуска ээ Роман Барбакадзеге (“ремень” каймана атка ээ) Р.Алхозовдун атына жалпы жарандык паспорт берилген.
Кызматтык абалынан пайдалануу жана паспортту мыйзамсыз берүү фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.
Булак: super.kg

Leave a Reply