гумпом

2014-жылдын 14-ноябрында болгон жер титирөөнүн кесепетинен жабыркаган турак жайларды жана социалдык объекттерди Жарандык коргонуу комиссиясы текшерүү иштерин жүргүзүүнү улантууда.

Жалпы Ысык-Көл облусу боюнча 2833 арыз түшкөн, 2833 турак үй жана 47 социалдык объект текшерүүдөн өтүп, анын ичинен 951 турак үй жана 15 социалдык объект I даражада, 1362 турак үй жана 18 социалдык объект II даражада, 284 турак үй жана 13 социалдык объект III даражада, 163 турак үй жана 1 социалдык объект IV даражада жабыр тарткан. Кошумча маалымат берилет.

 Ош шаардык мэриясынын атынан Ысык–Көл облусуна жер титирөөдөн турак жайлары жабыркаган үй-бүлөлөргө гуманитардык жардам катары төмөнкү тамак-аш азыктарды жана курулуш материалдары Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин 3 даана оор жүк ташуучу автоунааларына толугу менен жүктөлдү, алар 2014-жылдын 25-ноябрында  жолго чыгышат.

  1. Кумшекер – 1 тонна;
  2. Макарон    – 2190 кг.;
  3. Май            – 400 литр;
  4. Чай             – 25 кап:
  5. Печенье     – 167 коробка;

6. Кирпич       – 8000 даана.