Шашылыш эскертүү: аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлөт
КРнын ӨКМнин билдирүүсүүнө таянсак, 2014-жылдын 24-25-ноябрында аба-ырайынын кескин өзгөрүлүшү күтүлүп, 24-ноябрда күндүз жана 25-ноябрда жаан жаап, карга айланат. Тоо этектеринде жана тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын абдан катуу жаайт. Зымдарга жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болот. Кээ бир райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 17-22 метрге чейин жетет. Абанын температурасы 25-26-ноябрда төмөндөп, Чүй, Талас облустарынын өрөөндөрүндө жана Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -10…-15°, күндүз -5…-10° суукка чейин, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -3…-8°, күндүз 0…-5° суук, тоо этектеринде түнкүсүн -12…-17°, күндүз -8…-13° суук, Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында жана тоолуу райондордо түнкүсүн -15…-20°, күндүз -8…-13° суук, бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -20…-25°, күндүз -15…-20°суук болушу күтүлөт.
Мындай аба-ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоо, автоунаа, байланыш түйүндөрүнүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин кыйындатат.


Leave a Reply