КР ИИМдин өздүк коопсуздук башкармалыгы, КРнын ички иштер органдарынын өздүк курамынын арасында коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу максатында, КР ИИО кызматкерлери тарабынан болуп жаткан коррупциялык мүнөздөгү кылмыштарды аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иштерин жүргүзүүнү улантууда. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

КР ИИМдин өздүк коопсуздук башкармалыгынын, Бишкек ШИИББдин өздүк коопсуздук бөлүмүнүн жана Бишкек шаардык прокуратурасынын кызматкерлери биргелешип алып барган ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө, кечээ, 19-ноябрда саат 19:15те өзүнүн кызматтык бөлмөсүндө Ж.А. аттуу жарандан кылмыш ишти иликтөөнү токтотуу үчүн 5 миң сом пара алган Бишкек шаарынын Октябрь райондук ИИБдин тергөө бөлүмүнүн улук тергөөчүсү, милциянын капитаны 1985-жылы туулган А.Н. кармалды.

Кармалган милиция капитанын жеке текшерүүдө ал өз ыктыяры менен чөнтөгүндөгү 1700 сом (люминетүстүү калем менен белгиленген) акчаны чыгарган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө А.Н. кызматтык бөлмөсүнөн 2 материал алынды. Алардын бири корреспонденцияга уруксатсыз киргендиги ачыкталды.

Милициянын капитаны А.Н. КР Кылмыш-жаза кодексинин 94-беренеси менен кылмыш иши козголуп, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда кызматтык иликтөө иштери башталды.