сан Бакиев
Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин жээни Санжар Бакиев абактан чыкты. Бул тууралуу Жазаларды өтөө кызматы тастыктады. Анда айтылгандай, Санжар Бакиев өзүнүн жаза мөөнөтүн №47 колонияда өтөп, мөөнөтү аяктагандыктан, кечээ азаттыкка чыкты.
Белгилей кетсек, Санжар Бакиев “2010-жылдын 13-14-май күндөрү Жалал-Абаддагы массалык баш аламандыкты уюштурган жана мыйзамсыз курал сактаган” деп айыпталып, ошол эле жылдын 2-ноябрында Жалал-Абад облустук сотунун чечими менен күчөтүлгөн режимде 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми 2011-жылдын 1-февралында Чүй облустук соту Жалал-Абад облустук соту чыгарган өкүмдү 50 миң сом айып пул төлөө чечимине өзгөрткөн. Бирок, Жогорку соттун токтому менен 2012-жылдын 21-декабрында Чүй жана Жалал-Абад облустук соттору чыгарган чечимдер өзгөртүлүп, Санжар Бакиевди 5 жылга эркинен ажыратып, 75 миң сом накталай айып пул салуу чечими чыккан. Тергөө учурунда отурган 7 ай 6 күндүн ар күнү эки күнгө барабар деп эсептелинген. Жаза өтөө мөөнөтү 2010-жылдын 25-июнунан башталган.
Санжар Бакиевдин амнистия берип, мөөнөтүнөн мурда абактан бошотулушу боюнча адвокаты жолдогон хадатайствонун негизинде азаттыка чыкты.

Динар Турдугулова