жер тит

КРнын ӨКМнин басма сөз кызматы билдиргендей 2014-жылдын 14-ноябрында Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча эртең мененки саат 07:24 мүнөттө Ысык-Көл облусунун аймагында күчү 7 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу (эпицентр) Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасынан 17 чакырым түштүк-чыгыш жагы деп белгиленген. Жер титирөө Кажы-Сай, Боконбаев, Тосор, Тоң, Тамга айылдарында – 7 балл, Балыкчы шаарында – 4,5 балл, Каракол шаарында 5 балл, Чолпон-Ата шаарында – 4,5 балл катталган.

Ошондой эле Улуттук Илимдер Академиясынын сейсмология институтунун берген маалыматы боюнча саат 08:09 мүнөттө Ысык-Көл облусунун аймагында экинчи ирет жер титирөө катталып, анын очогу (эпицентр) Тоң районунун Кажы-Сай шаарчасынан 6,5 чакырым түштүк-чыгыш тарабы аныкталган. Азыркы убакта Тоң районунда райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, райондук, айыл аймактык Жарандык коргоо комиссиялары жана КР ӨКМнин облустук башкармалыгы тарабынан ыкчам топтор чыгып, тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүүдө. Андан сырткары, министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жетектеген министрликтен түзүлгөн ыкчам топ да жеринде жабыркаган аймактардын абалы менен таанышууда.

КРнын ӨКМнин Ысык-Көл облустук башкармалыгынын башчысынын буйругунун негизинде КР ӨКМнин райондук жана шаардык бөлүмдөрү жана башкармалыктын өздүк курамы күчөтүлгөн режимде иш алып барууда.

КРнын ӨКМнин Тоң райондук бөлүм башчысынын маалыматына ылайык :

1.Кажы-Сай шаарчасында:

– Пушкин орто мектебинин 2 имаратында (1991-жылы жана 1976-жылы курулган имараттар) 4 мм чейинки жаракалар кеткен.

– Спортзалдын бурчтарында  5 мм чейинки жаракалар кеткен.

– Балдар бакчасы (1978-жылы курулган 2 кабаттуу имарат) – имараттын дубалдарында 3 мм чейинки жаракалар кеткен.

– Маданият үйү – имараттын дубалдарында 7 см чейинки жаракалар кеткен.

– Интернат үйү – 3 мм чейинки жаракалар кеткен.

– “Алтын жээк” пансионаты – (1997-жылы курулган 6 кабаттуу имарат) дубалдарында 5 мм чейинки жаракалар кеткен.

– Комиссиялардын алдын ала берген маалыматы боюнча 200дөй турак үйлөрдө жаракалар кеткен.

2. Тоң районунун Тоң айыл аймагындагы Сары-Талаа тилкесинде:

– 2 турак үйдө  3 мм чейинки жаракалар кеткен.

Тактоо, иликтөө иштеринин негизинде берилген алдын ала маалымат боюнча Каракол шаарында жана Ак-Суу, Түп райондорунда кыйроолор жана жапа чеккендер жок. Тактоо-иликтөө боюнча иштер улантылууда.

Белгилей кетсек, болуп өткөн жер титирөө боюнча Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган жана министрликтен министрдин орун басары Давлетбек Алимбеков жетектеген ыкчам топту жеринде тактоо-иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн кырсык болгон аймакка жөнөткөн. Андан сырткары, министр Кубатбек Боронов өзү Ош облусунда жумуш сапарында жүргөн жеринен түз эле Ысык-Көл облусундагы кырсык болгон аймакка жөнөп кеткен.