Dried beans and legumes

Жакында Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков баштаган бир катар өкүлдөр Түркияга барып, Айыл чарба министрлигинин өкүлдөрү менен жолугуп, анда төө буурчак өстүрүү боюнча 15-20 жаранды окутуп берүүгө макулдук беришкен. Ошону менен катар министрликтин алдындагы “Терекс” уюму Кыргызстандын төө буурчагын сатып алуу боюнча Кыргызстанга келип кетүүгө даярдыгын айтышкан.

Мындай маалыматты 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында билдирген депутат Р.Жээнбеков Айыл чарба министрлиги менен Тышкы иштер министрлигинин чакыруу каты зарыл болуп жатканын айтып, бул ишти тездетүү жагын Өкмөткө табыштады деп билдирет Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.