Майып балдарын караган ата-энелерге бериле турган каражатты айлык катары чегерип, алардын пенсиясына кам көрүү максатка ылайыктуу
Мындай маселе 12-февралда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында депутат Надира Нарматова тарабынан көтөрүлдү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Депутаттын маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө республика боюнча 4250гө жакын үй-бүлөдө майып балдарын ата-энелери карап жатат. Мындай ата-энелерге 2014-жылдын июлунан баштап Жогорку Кеңештин токтому менен 1500 сомдон каражат бөлүү боюнча чечим кабыл алынган. Эми бул ата-энелер тарабынан бөлүнө турган каражатты айлык акы катары чегерип, андам улам, балдардын ата-энелеринин пенсиясына дагы кам көрүү сунушталып жатат. Мындай колдоо менен алардын пенсиясына кам көрүү максатка ылайыктуу. Тиешелүү министрликтерге протоколдук тапшырма берсек”,- дейт Н.Нарматова.


Leave a Reply