Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин жабылат
Ош облусундагы Кара-Кулжа районунда 2014-жылдын 26-ноябрында Кара-Кулжа райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-акиминин--Жарандык коргонуунун башчысынын №53-буйругу менен 2014-жылдын 26-ноябрынан баштап кечки саат 18:00дөн эрте мененки саат 08:00гө чейин Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу атайын буйрук чыкканга чейин жабылат.
Бишкекте алгач ирээт таттуу азыктардын фестивалы өтөт
Бишкектеги соода борборлорунун биринде 29-30-ноябрь күндөрү алгачкы жолу “Дем алыш күндөгү таттуулар” (Sweets Weekend) аталыштагы таттуу азыктардын фестивалы өтөт.Аталган иш-чарага таттуу азыктарды даярдаган 25тен ашуун мыкты кондитердик ишкана катышмакчы. Фестивалдын жүрүшүндө момпосуйлардын, мармеладдардын түркүн…
Окуу жүргүзүлгөн имараттар авариялык абалда, окуу акысы төлөнөт бирок, студенттер үчүн шарттар жок (фото)
Кыргызстандын Эл аралык университетиндеги политехникалык колледждин студенттери окуу жүргүзүлгөн имараттын авариялык абалда экендиги тууралуу билдирүү менен сүрөттөрдү «Репортерго» жөнөткөн. Студенттер тарабынан жөнөтүлгөн билдирүүдө Бишкек шаарындагы Турусбеков менен Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан имараттын абалы тууралуу айтылган.…
Өкмөт башчы Ж.Оторбаев 29-ноябрды каржы системасындагы кызматкерлер үчүн иш күн деп бекитти
29-ноябрь — салык жана бажы кызматтарынын, Социалдык фонддун жана Борбордук казыналыктын кызматкерлери үчүн иш күнү болуп саналат. Бул тууралуу тиешелүү буйрукка КР өкмөт башчысы Жоомарт Оторбаев кол койду, деп билдирди өкмөттүн басма сөз кызматы.Чечим «КР…
Кыргызстанда 335 миң киши биометрикалык каттоодон өттү
Мунун ичинен 64 миңден ашуун жаран Бишкек шаарынын тургундары. Жалпы Кыргызстан боюнча жарандардын биометрикалык маалыматын чогултуучу 830 түйүн иштөөдө. Биометрикалык маалымат чогултуу өнөктүгү Бишкекте 20-октябрдан, аймактарда 10-октябрдан тарта башталган. Жарандардан биометрикалык маалымат топтогондон кийин электрондук биометрикалык…
Оңдоо иштерине байланыштуу электр жарыгы үзгүлтүккө учурашы ыктымал
27- ноябрда Бишкек шаарында жана Чүй областындагы электр тармактарынын профилактикалык иштери боюнча барчалардын тизмеги: «Северэлектро» ААК басма сөз кызматы маалымдайт: - 27 нен 28- ноябрды караган түнү саат 00-00 дөн 04-00 гө чейин Бишкек шаарындагы…
Улуу Памир, кичи Памирдеги боордоштор балдарын Кыргызстандан билим алуусуна көмөктөшүүнү өтүнүшүүдө
Бүгүн, 27-ноябрда Улуу Памир, кичи Памирдеги боордошторго экспедицияны Жаштар, эмгек, миграция министри Алиясбек Алымкулов менен кошо жетектеп барып келген Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров алыскы, шарты оор аймактагы боордоштордун ал-абалынан кабар берип, алардын аманаттары менен…
Кыргыз Республикасынын жаңы курамдагы Сотторду тандоо боюнча кеңешинин биринчи жыйыны башталды
Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдиргендей бүгүн, 27-ноябрда Кыргыз Республикасынын жаңы курамдагы Сотторду тандоо боюнча кеңеши өз ишин баштады. Жогорку Кеңештин Сот-укуктук маселелер жана мыйзамдуулук боюнча комитетинин төрагасы Токтогул Туманов парламенттин депутаттарынын атынан Кеңеш мүчөлөрүн…
Айрым кичи шаарлардагы жылытуу тутуму кесилген кабаттуу үйлөр электр кубатына белгиленип жаткан жаңы тарифтер менен төлөөсү кыйындайт
Бул тууралуу депутат Алла Измалкова бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” маселе көтөрүп чыкты. Депутат айрым кичи шаарлардагы жылытуу тутуму кесилген кабаттуу үйлөр электр кубатын колдонгондо 700 кваттан ашык электр кубатын пайдаланылаарын айтып,…
Депутат М.Тиленчиева пенсияга жашы жете элек баатыр энелерге колдоо көрсөтүү демилгеси менен чыкты
Бүгүн, 27-ноябрда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер саатында” депутат Майрамгүл Тиленчиева пенсияга жашы жете элек, көп балалуу баатыр энелердин социалдык абалын жакшыртуу демилгеси менен чыкты,- деп маалымдайт Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы. Депутат мындай баатыр…
Премьер-министр Ж.Оторбаев ЕРӨБ менен кызматташуу келечеги аныкталганын билдирди
Кечээ, 26-ноябрда премьер-министр Жоомарт Оторбаев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын Борбор Азия боюнча директору Масару Хонмуну жана ЕРӨБдүн Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Лариса Манастырлини кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Жолугушуунун…
Министр Т.Батыралиев саламаттыкты сактоо мекемелерин кыш мезгилинде электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону тапшырды
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кечээ, 26-ноябрда өткөн министрликтин коллегия мүчөлөрүнүн отурумунда облустардагы координаторлорду, ошондой эле министрликтеги жоопкерчиликтүү кызмат адамдарын кыш мезгилинде дарылоо мекемелерин электр жарыгы менен камсыз кылуу иштерин күчөтүүнү тапшырды. «Жылуулук сезонунун алдында…
