лавиналар1

Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, 2015-жылдын 18-февралындагы кар көчкүдөн каза болгон Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Жерге-Тал айыл аймагындагы Жерге-Тал айылынын тургундары Жээнбай уулу Мирбектин жана Төлөнбаев Адылбек Дербишалиевичтин үй-бүлөлөрүнө Президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан ар бирине материалдык жардам көрсөтүү үчүн 50 000 (элүү миң) сомдон бөлүндү.