мекенди1- мекенди- мекенди3- мекенди2-

Бүгүн, 20-февралда Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы өкүлчүлүгүнүн демилгеси менен ЖАМУнун конференциялар өткөрүлүүчү жыйындар залында 23-февраль—Мекенди коргоочулар Күнүнө арналган салтанаттуу жыйын өткөрүлдү деп билдирди өкүлдүн басма сөз катчысы.  Мекенди коргоочулар Күнүнө арналган жыйынга Жалал-Абад шаарындагы аскер бөлүмдөрүнүн офицерлери менен жоокерлери, облустук мекеме-уюмдардын жетекчилери, согуштун жана ооруктун ардагерлери менен шаардын коомчулугу катышты.

Мекенди коргоочуларды Өкмөттүн Жалал-Абад облустундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн атынан өкүлчүлүктүн аппарат башчысы  Нургазы Нармырзаев куттуктады жана бир катар аскер кызматкерлерин Ардак Грамоталар менен сыйлап, бир катар аскер кызматкерлерине алкыштар жарыяланды.

Мекенди коргоочуларды Жалал-Абад шаарынын мэрии Салайдин Авазов менен шаардык кеңештин төрагасы Нургазы Нышанов куттукташып, бир катар аскер кызматкерлерин Ардак Грамоталарын тапшырышты. Өз кезегинде облустук жана шаардык мекеме-уюмдардын өкүлдөрү аскер кызматкерлерине өздөрүнүн белектерин тапшырышты. Мекенди коргоочуларга арналган салтанаттуу майрамдык жыйын өнөрпоздордун ыр-бийлери менен коштолду.

Жолдошбай ОСМОНОВ, Жалал-Абад облусу