Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жардын бөлүкчөсүн жардыруу иштеринен фотобаян
Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун Бейше-Булак аймагындагы 313-чакырымында кооптуу деп эсептелген жар кечээ, 19-февралда аттырылды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчы билдирди.
Анда ДЭП-41 жол тейлөө ишканасынын жетекчиси Алмаз Абдыкадыровдун айтуусу боюнча, кооптуу деп эсептелген зоону жардырууда 600 метр куб жар түшөөрү мерчемделген. Ал эми иш жүзүндө болжол менен 1,5 миң метр куб жар кулаган.
«Бул кооптуу аймактагы жардыруу ишти биз жүргүздүк. Биздин ишкаадан 9 адис келип 20га чукул жарга жардыруучу заттарды орнотушту. Негизи 600 метр куб жар жарылып түшөөрү мерчемделген болсо, болжол менен 1,5 миң метр куб жар кулап түштү», – деди «Азия универсал строй» ЖЧКсынын жетекчиси Мирбек Дакулов.
Ал эми өкмөттүн Нарын облустагы өкүлү Аманбай Кайыпов Нарын облусу боюнча мындай унаа жолдорунда кооптуу аймактардан дагы 10ну аймак бар.
«Бул жерде 1-февралда таш кулаган. Андан кийин текшерилип, кооптуу аймак деп табылып, алдын ала жол жүргүнчүлөргө эскертүүлөр болгон. Негизи мындай кооптуу жерлер облустун аймагында көп», – деди А.Кайыпов.
Кошумча маалымат катары айта кетсек, жолду тазалоо ишин Бишек-Нарын-Торугарт унаа жолун куруп жаткан «Копри-Сино-Гидро» ишканасы аткарып, 6 техника кызмат кылды.

















Комментарий кошуу