Онкологический1

12-февралда Жогорку Кеңештин Төрагасынын орун басары Асия Сасыкбаева баштаган бир катар депутаттар Онкологиялык борбордо дарыланган онкологиялык оорулуулар менен жолугушту. Жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Эркингүл Иманкожоева, Элвира Жумалиева, Майрамгүл Тиленчиева, Наталья Никитенко жана Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Эркин Сакебаев катышты.

Бейтап Айнура Кочкорбаева республика боюнча улуттук макамы бар жападан жалгыз Онкологиялык борбордо абал өтө кыйын абалда экенин тизмектеди. Айтымында, азыркы тапта палатанын тартыштыгынан бир палатада 10-15тен бейтап жатат, ремонт иштери жүрүп жаткандыктан ар дайым курулуштун ызы-чуусу коштолгону аз келгенсип, санитардык абал сакталган эмес. Операциядан чыккан бейтаптар ушундай шартта дарыланып жатышат. Ошол эле маалда бул Онкологиялык борбордун аймагындагы имараттарда жеке жактар ижарада отурушат. Маалыматтарга ылайык, алардын ижара мөөнөтү деле бүткөн. “Мына ушундай кошумча имараттарды пайдалануу менен палата жетишсизидигин чечсе болот да”,- дейт бейтап.

Мындай жагдайлардын чечилиши боюнча А.Кочкорбаева Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчилерине кирип, маселе койгону менен эч кандай майнап чыкпай келгендигине токтолду. Көйгөйлөрдү четтетүү боюнча борбордун башчысы бир жылдан бери милдетин аткаруучу болуп иштейт. Эч кандай аракет көрбөйт. “Бул жерге иштей турган кесипкөй адис келиши керек да”,- дейт А.Кочкорбаева.

Буга чейин аталган Онкологиялык борбордун жогорудагыдай абалынан Жогорку Кеңеште бир нече жолу маселе көтөрүшкөндөрүн эл өкүлдөрү белгилеп өтүштү. Бейтаптын айткандарына толугу менен макул болгон депутат Э.Иманкожоева Онкологиялык борбор кризистик абалда экенин баса белгиледи. Депутат Майрамгүл Тиленчиева химиялык терапия бекер жүргүзүлөт делгени менен буга чейин оорулуулардан 600 сомдон алып келген бир эле жагдайга токтолуп, борбордо коррупциялык көрүнүштөр күч алганын билдирди. Онкоборбордо критикалык абал түзүлгөнүнө токтолгон депутат Э.Жумалиева бул ооруканада реанимация бөлмөсү кадимки палата экенин айтып, оорулуулар кыйын абалда дарыланып жатканын кошумчалады.

Жолугушууга катышкан тармактык комитеттин төрагасы Эркин Сакебаев азыркы тапта тиешелүү маалыматтарды топтоп жатканын айтып, алдыдагы аптада Онкологиялык борбордун абалынан кабар алуу планы турганын маалымдады.

Төрага орун басары А.Сасыкбаева 2 жылдан бери көтөрүлүп келе жаткан бул маселенин үстүндө тыкыр иш алпарууга убада берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.