Ректорсуз иштеп жаткан университет депутаттардын көңүлүн бурду

Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университетинин жарым жылдан бери ректорсуз иштеп жаткандыгы депутаттардын көңүлүн бурду. Парламенттин бүгүнкү отурумунда депутат Айнуру Алтыбаева баштаган бир катар эл өкүлдөрү буга нааразы экендиктерин айтып, маселе коюшту.
“КУУ Кыргызстандагы бардык университеттердин флагманы. Бул окуу жайдын ректорун шайлоо белгисиз себептерден улам созулуп келет”, – дешкен эл өкүлдөрү бул маселеге жаңы министр Эльвира Сариева чекит коеоруна үмүт артышаарын айтышат.
Динар Турдугулова

Комментарий кошуу