Ала-Бука мугалим

Мамлекеттик тил тууралуу маселе буга чейин бир нече ирет айтыла берип, эбак куну кетип калган көйгөйлөрдүн бирине айланып бараткандай. “Кыргыз тили жоголуп бараткан тилдердин катарында”, “Улуттук тилибиздин өнүкпөй жатканына расмий тил бут тосууда” деген өңдүү кептер 20 жылдын аралыгында канча жолу айтылып бүтпөй келет. Ошого карабай, азырга дейре бул маселени эч ким капарына деле албагандай. Антпесе, улутубуздун улуулугун даңазалаган улуттук тилибиздин маани-мазмунун тереңдетүүгө, анын өнүгүп-өсүүсүнө камкордук көрүүгө мамлекет башында турган жетекчилер биринчи кезекте көңүл бөлмөк. Тилекке каршы, андай болбой жатат. Эсибизде болсо, 1997-жылы дал ушул тил саясатын өнүктүрүү максатында Президентке караштуу Улуттук тил комиссиясы, анын алдында Кыргыз тил фондусу түзүлүп, ал мамлекеттик бюджеттен жетишээрлик  каржы менен камсыздалмак болгон. Башында 3,5 миллион сом каралып, тилди өнүктүрүүгө кадам ташталгандай болду. Бирок, кийинки эле жылдары бул аракет көз жаздымда калып, биртике бөлүнгөн каражат натыйжалуу пайдаланылбай, иш артка кетти. Муну танууга болбойт. Тилди өнүктүрүү жагынан алдыңкы орунга чыккан бизге кошуна өлкө Өзбекстан мамлекеттен бөлүнгөн каражатты латын алфавитине өтүүгө короткондугун билебиз. Алар китеп, иш кагаздардын дээрлик бардыгын латын жазуусуна өткөрүү менен орус тилде сүйлөп, жазгандарга бөгөт коюшканын ачык эле айтып келишет. Мындай тажрыйбаны жакынкы жылдары Казакстан да колдонгону турат. Ал эми Кыргызстан үчүн латын алфавитине өтүү натыйжасыз. Анткени, ага көп каражат жана убакыт талап кылынаары айдан ачык. Болгону, биз улуттук тилибиз болгон кыргыз тилин өнүктүрүүнү бала бакчалардан, мектептерден жана эң негизгиси үй-бүлөдөн баштаганыбыз пайдалуу экенин унутпасак.

Мындан туура 25 жыл илгери мамлекеттик-улуттук эркиндик, көз карандысыздык үчүн кыймыл күч алышынын шарапаты менен эне тил маселеси тең укуктуулук, эркиндик, өз алдынчалык маселелери менен катар коюлуп, жер-жерлерде, калктын калың катмарында болуп көрбөгөндөй кызыкчылык туудуруп, чогулуш-жыйындар, кеңешмелер, тегерек стол, гезит-журнал беттеринде адистер жана интеллигенция тарабынан кеңири талкууга алынып, талаш-тартыштардан кийин эне тилибиз татыктуу ордун ээлеген. Тагыраагы, ал кездеги өлкөнүн эң бийик органы – Жогорку Советтин Xl чакырылышынын X сессиясында ага “Мамлекеттик тил” макамы атайын мыйзам аркылуу ыйгарылган. Ошентип, Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзам 1989-жылдын 23-сентябрында кабыл алынган. Мыйзам күчүнө кирген күндөн тартып эле өлкөбүздүн бардык булуң-бурчтарында мыйзамды ишке ашыруу чаралары кабыл алынып, тилдин кадырын көтөрүүгө бир топ кадамдар жасала баштаган. Негизги маселе иш кагаздарынын кыргыз тилинде жүргүзүлүшүнө такалган. Тил мыйзамынын көп адистер үчүн кыйла убаракерчиликке дуушарлантканы – мыйзамдагы иш кагаздарын мамлекеттик тилде жүргүзүү тууралуу беренеси болгон. Эгерде, Тил мыйзамында “эгер мекемеде жалаң кыргыздар иштесе, иш кагаздары кыргыз тилинде жүргүзүлсүн, эгер орус улутундагылар да бар болсо, эки тилде болсун, ал эми орустар гана иштесе, орус тилинде жүргүзүлсүн” деп жазылбаганда, балким азыр тилибиздин баркы да жогорку деңгээлге жетмек беле деген ой келет. Бир чети, андай кылбаганга арга жок болгондур. Анткени, тил маселесине келгенде эле Кыргызстанда жашаган башка улуттардын укуктары чектелди деген шылтоо чыга калат.

Кыргыз тили Мамлекеттик тил макамын алуу менен Кыргызстанда жашаган бардык улуттардын тилдеринин өнүгүшүнө кам көрүүсү Баш мыйзамда, Тил мыйзамында баса көрсөтүлгөн. Ошондуктан, мектептердеги окутуу орус, өзбек, казак, дуңган жана башка тилдерде жүргүзүлүп келет. Ошол эле Баш мыйзамга ылайык, парламент кабыл алган мыйзамдар мамлекеттик тилде жана расмий тилдерде жарыяланып, иш кагаздары, сот иштери да мамлекеттик жана расмий тилдерде жүргүзүлүүдө. Кыргыз тилине Мамлекеттик тил макамынын берилишин адилеттүүлүктү калыбына келтирүүгө болгон зор кадам, же болбосо коомдун руханий жаңыланууга, жаңыча ой жүгүртүүгө багыт алуусу деп баалоого болот. Бирок, тилекке каршы, улуттук тил мыйзамы кабыл алынган убактан бери анын өнүгүүсү өз деңгээлинде ишке ашпай жатканы өкүнүчтүү нерсе эле. Ал тургай 1989-жылы кабыл алынган мыйзамдын өзүнө да бир нече ирет өзгөртүү жана толуктоолор киргизилди. Арийне, “мамлекеттик тил” деп аталган кыргыз тилинин жеткиликтүү өнүгө албай жатканына мамлекеттик бийлик органдарын башкарып отурган “киргиз” атка минээрлер себептүү деген да айыптоолор болбой койгон эмес. Күнөө баарыбызда бар. Эки сөзүбүздүн бири орусча. Тилди өнүктүрүү мыйзамдан, жарлыктан жана башка нерселерден эмес, кыргыздардын кыргызча сүйлөй алгандыгынан, ата-энесинин балдарына кыргыз тилинде тарбия бергендигинен болуп жүрбөсүн. “Тилдин өнүкпөй жатышына биринчи кезекте ата-энелер күнөөлүү”,- деп айрым окумуштуулар деле айтып келишет. Заман талабы дешип, балдарын орус жана башка тилдерге окутушуп келишет. А чынында, замандын чыныгы талабы кыргыздардын нукура өз тилинде сүйлөөсү экенин эске албагандардын саны арбын. Албетте, бул шаар жерлериндеги абал. Ал эми айыл жерлериндеги абал таптакыр башкача. Тескерисинче, айылдагы балдардын дээрлик 97-98 пайызы мектептердеги орус тил сабактарынын начар өтүлүп жатканынан же, мугалимдердин жетишсиздигинен орус тилин жарытылуу билбей, анан шаарга барганда, ЖОЖго тапшырып, окуп жатканда кыйналышат. Айылдык балдардын орус тилин билүү деңгээли тууралуу маселе өзүнчө чоң тема…

Эчактан бери айтылып келген тил маселесинин өнүгүшүн артка тарткан саясий эрктин жоктугу деп да айтып келебиз. Саясий эрк демекчи, жакында эле өлкө башчыбыз Алмазбек Атамабев саясий эрктик кылып, кайрадан тил маселесин көтөргөн, тагыраагы “Кыргыз Республикасында мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Аталган жарлык коомчулук тарабынан колдоого алынды. Анткени, буга чейинки тарыхта тилге арналган иш-программаларга атайын каражат бөлүнгөн учурлар болгон эмес. Жаңы жарлыкта кыргыз тилин өнүктүрүүнүн иш чаралары белгиленип, аны жүзөгө ашырууга каражат жагы чечилгени (Президенттин өздүк фондунан 10 миллион сом бөлүндү) маанилүү иш болду. Каражат бөлүнгөнү жакшы, эми ошону даректүү пайдалануу негизги нерсе…

Динара ТУРДУГУЛОВА