Аталарды да ардактасак болбойбу?
Үй-бүлө очогун сактоодо, балдарды адеп-ахлактуу, ыймандуу, илим-билимдүү, улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлай билүүгө, өз өлкөсүнүн патриоту катары мекечилдикке, ж.б. асыл сапаттарга тарбиялоодо ата-эненин биргелешкен орду зор экендигин эч ким деле тана албайт. Албетте, тогуз ай омурткасын сыздатып көтөрүп, бул жарык дүйнөгө көз жаргызып ыңаалатып алып келген жана эне сүтүн оозантып, түн уйкусун бөлүп, бүт жан-дүйнөсүнүн баарын наристеге арнап салган энелердин эмгегин эки дүйнөдө да актай албайбыз. Ошон үчүн бейиш – эненин таман астында, баскан изинде деп өтө жогорку сый менен урмат кылып, башыбызды ийип таазим кылып келебиз. Андыктан, алардын эч бир чен-өлчөм менен өлчөнгүс ак сүтүнө, эмгегине кыйыр да сөз тийгизбей, тээ атам замандан бери даңктап-мактап, ыр арнап, китеп жазып, сүрөткө салып, кино тартып, Энелер күнүн белгилеп, ызаат-урматыбызды көрсөтүп келе жатабыз. Жыл календарынан атайын бир күндү энелерге арнап, чоң майрам катары расмий белгилөө 1910-жылы Американын Вирджиния штатында биринчи жолу белгиленгенден тартып жакшы саамалык катары бүткүл дүйнөгө жайылып кеткен. Бүгүнкү күндө бул майрам дүйнөнүн 52 мамлекетинде, анын ичинде 20дан ашык өлкөдө жүз жылдан ашуун мезгилден бери май айынын экинчи жекшембисинде белгиленип келе жатат. Алардын ичинде АКШ, Индия, Дания, Франция, Италия, Түркия, Австралия, Мексика, Кытай, Канада, Япония, Бельгия бар. Ал эми Англияда 18-мартта, Россияда ноябрь айынын акыркы жекшембисинде белгилөө салтка айланып калган. Кыргызстан да дүйнөлүк бул агымдан четте калбастан 2012-жылдан тартып жыл сайын май айынын үчүнчү жумасынын жекшембисинде энелерге куттуктоо айтып, атайын иш-чараларды уюштуруп келет.
Албетте, үй-бүлөнүн биринчи кезектеги милдети болуп тукум улоо, балдарды өстүрүп-чоңойтуп, жакшы тарбия, терең билим берүү, адептүү, ар-намыстуу инсан кылып калыптандыруу саналаары айтпасак деле белгилүү го. Демек, үй-бүлөнүн негизин, очогун түзүшкөн ата-энеге бирдей жоопкерчилик тагылаары анык. Балдарды туура тарбиялоодо экөөсүнүн бирөөсүнө артыкчылык берип, экинчи тарапты көңүлдөн сырт калтыруу таптакыр туура эмес көз караш деп эсептейбиз. Анткени, куштун эки канатынын бирөөсү эле жок болсо ал уча албай тургандыгы сыяктуу эле баланы тарбиялап-өстүрүп чоңойтууда да ата-эненин бирөөсүн ал процесстен четтетип коюу түпкүлүгүндө туура эмес. Андыктан, бул жаатта ата менен энени эки бөлүп кароо үй-бүлөдөгү тең салмактуулукту бузууга алып келип, тарбия ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Ошондуктан, экөө бириккенде гана бир бүтүндүк түзүлгөн үй-бүлөлүк саясатта ата-эненин ролун бирин өйдө, бирин ылдый кылып бөлбөй, бирдей милдет-жоопкерчиликти жүктөө жана ал вазийпаны чогуу тартуусуна жетишүү зарыл. Ушул ойду улай айтсак, Энелерге арнаган күндү өзүнчө бөлбөй, АТАЛАР менен ЭНЕЛЕР күнү деп чогуу белгилеп турса кандай жакшы болмок. Ошондо ата-энелик мээримди тең алып чоңойгон уул-кыздар, небере-чөбүрөлөр майрам күнү ата-энесинин бирөөсүнө эле урмат көрсөтпөстөн, атага да сыйын тартуулап, чогуу куттуктап турса үй-бүлөлүк ынтымак, ата-эне менен балдардын ортосундагы байланыш дагы бекем чыңдалып, өзүнчө бир ажырагыс жандүйнө майрамы болуп калмак. Ырас, 8-мартта аялдардын эл аралык күнүн, 23-февралда эркектер үчүн Мекенди коргоочулардын күнүн өз-өзүнчө белгилеп келебиз. Алар менен Энелер жана Аталар күнүн аралаштырып, маани-маңызын басаңдатып салууга болбойт. Бул жерде эмнеге эле аталар күнү деп кайра-кайра айтылып жатат деп ойлогондор да болушу ыктымал. Алдын алып айта кетээрибиз, сөз кылып жаткандай дүйнө жүзүндө Аталар күнү да белгиленип келет экен. Алсак, дүйнө жүзүнүн 50дөн ашык өлкөсүндө, анын ичинде АКШда, Улуубританияда, Францияда, Швейцарияда, Германияда, ж.б. мамлекеттерде ал расмий түрдө жарыя кылынган. АКШ менен Канадада 1910-жылдан бери июнь айынын үчүнчү жекшембисинде, ал эми Финляндияда, Швецияда жана Эстонияда ноябрдын экинчи жекшембисинде аталарга сый тартууланып, аны өткөрүүнүн эл аралык бирдиктүү күнү жок. Россияда болсо анын айрым бир аймактарында, мисалы Волгоград, Курск, Липецк, Ульяновск облустарында 2005-жылдан бери мыйзам чегинде бекитилген. Петербургда 2011-жылы белгилене баштаган. Мындай ар кандай күндөргө туш келүүлөрдөн арылып, бүткүл өлкө аймагында бирдиктүү күнгө өтүү 2025-жылга чейинки РФнын мамлекеттик үй-бүлөлүк саясатынын концепциясынын биринчи этабынын иш-чараларынын долбоорун караган коомдук талкууларда кызуу талкууга алынууда жана 2016-жылы Аталар күнүн расмий түрдө белгилөө сунушталууда. Демек, муну үй-бүлө очогунун отун өчүрбөй сактоодо жана үй-бүлөдө балдарды тарбиялоодо энелер менен бирге эле аталардын да эч нерсе менен алмаштыргыс зор орду бар экендигин тааныгандык катары кабылдасак болот. Ата-эне тарбиясын алып чоңойгон балдар үй-бүлөлүк баалуулуктарды толук кандуу өздөрүнө сиңиришип, же ата, же эне мээриминен куру калуу ызасын тартышпай өсүшөт. Ошондуктан бүтүн үй-бүлө концепциясы кайсы өлкөдө болбосун үй-бүлө саясатынын негизги өзөгүн түзүп турат эмеспи. Андыктан, кыргыз элинде да тээ атам замандан бери ата-эне бийик тутулуп, аларга чаң жугузулбай, ата-энесин же баласын карабай тыштап кетүү деген өлүмгө тете болгон, намыска катуу тийген жорук болуп саналган. Азыр болсо ошол ыйык тумардай тутулуп келген улуу салттарыбыз Батыш идеологиясынын шарданында тебеленип-тепселип, сыймыктанып-мактанып келген алтынга бергис көптөгөн нагыз улуттук баалуулуктарыбыз четинен акырындык менен жок болуп баратат. Эми уялбай-этпей, намыстанбай эле ата-энелерин карылар үйүнө өткөрүп берип, кайра кайрылып барбай таштап кеткендерге, балдарын кароосуз калтыргандарга санагыбыз да жетпей баратат. Жумуш издеп Россияга, башка чет өлкөлөргө кеткендердин балдары да ата-эне камкордугунан ажырап, үй-бүлө болуп чогуу жашоо ырыскысын тарттырып жибергендей болуп, үй-бүлөлөк тарбиядан сырт калышууда. Болбосо энеси иш издеп кетип, балдарын атасынын жоопкерчилигине калтырып кеткендер канча дейсиң. Натыйжада, ажырашуулар да көп болуп, баласын жалгыз карап, өстүрүп-чоңойтуп жатышкан жалгыз бой аталардын же энелердин катары да арбып баратат. Ушундан улам биз дагы дүйнөлүк агымдан четте калбай, Энелер күнүн жалгызсыратпай Аталар күнүн да белгилөөнү киргизсек адилеттүүлүк кылган болоор элек. Болбосо, экөөнү бириктирип Энелер жана Аталар күнүн бир белгилөөнү колго алып, дүйнө элине да бир үлгү кылсак кандай болоор эле. Дегиси, ата менен эне бири-биринен бөлүнүп карала турган түшүнүк эмес, андыктан аларды жасалма түрдө ажыратып кароо элибиздин эзелтеден келаткан менталитетине да дегеле коошпой турат. Кыскасы, тиешелүү мекемелер, коомдук уюмдар ушул маселени колго алып, демилге көтөрүп, Кыргызстанда да ардактуу Аталар күнүн белгилөөгө жетишсе коомдогу үй-бүлөнүн ролун жогорулатуу ишине конкреттүү чоң салым кошушкан болоор эле деп ойлойбуз.
Таалайбек ТЕМИРОВ


Комментарий кошуу