сабиров
Бүгүн парламенттин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында депутат Максат Сабиров Эмгек, миграция жана жаштар министрлигин жоюу сунушун киргизди. Депутат аталган министрлик миграция көйгөйүн чечүү боюнчи иш жасабай жатканын айтат.
Бул министрликтин өкүлдөрү “штатыбыз кичине болгондуктан, талаптарды аткарууга жетишпей жатабыз” деп нааразы болуп келишет. Миграциялык саясат бөлүмүндө мигранттардын көйгөйлөрү боюнча 9 адам иштейт. Бөлүмдөгү башка 9 адам “Кайрылман” программасы менен алектенет. Мындай органдын кимге кереги бар? Жоюп салып, миграция боюнча милдеттери так аныкталган жаңы мекеме түзүү керек”,- дейт депутат.
Белгилей кетсек, аталган министрликке мурдагы Чүй облусунун губернатору Айбек Азранкулов жакында эле дайындалган. Ага чейин бул орунга эл өкүлдөрү Данияр Тербишалиев жана Ирина Карамушкина көрсөтүлүп, бирок, экөө тең өз ыктыярлары менен баш тартышкан эле. Ошондо да бул министрликти жоюу керек деген кептер айтылган.

Динар Турдугулова