Турак жай кодексине айрым категориядагы адамдар турак жайды акысыз негизде менчиктештире ала турган толуктоо сунушталууда
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында“КР Турак жай кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Мыйзамдын долбоору каралды. Мыйзам долбоору боюнча демилгечиси депутат Эсенгул Исаков баяндама жасады.
Мыйзам долбоору мыйзамдардагы кемчиликтерди жоюу жана ченемдик укуктук актыларга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан. Ошондой эле мыйзам долбоорунда Турак жай кодексин айрым категориядагы адамдар турак жайды акысыз негизде менчиктештирүү аркылуу алуусун караган 59-1-берене менен толуктоо сунуш кылынган.
Долбоор аркылуу Турак жай кодексинин 13-беренесинин 2-пунктунда мамлекеттик тилде берилген «мамлекеттик» деген сөз «муниципалдык» деген сөзгө алмаштырылды, анткени жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары «мамлекеттик» менчиктин эмес «муниципалдык» менчиктин турак жайын бергенге гана укугу бар. Мындан сырткары, 59-берененин жоболору менчиктөөнүн тикелей сатуу процесстерин тескейт, ушуга байланыштуу жана берененин аталышын тактоо үчүн «тикелей сатуу жолу» деген сөздөр менен толукталууда. Ошондой эле, туракжайды акысыз берүү менен менчиктөө жоболору өзүнчө берене менен каралган. Ушул берене менен мамлекеттик жана муниципалдык турак жай фондусунун турак үйлөрү жана батирлери кимдерге акысыз берилери тизмектелген.
Бир катар суроолор такталгандан кийин, сунуш-пикирлер мыйзам долбоору 2-окууда каралып жатканда берилбей болду.
Мыйзам долбоору 1-окууда добуш берүүгө жиберилди деп билдирди Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы.


Комментарий кошуу