Ата-энелерден түзүлгөн камкорчулук кеңеш мектеп муктаждыктарына ыктыярдуу каражат чогултуусу боюнча мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жолдонду
Бүгүн, 4-февралда Жогорку Кеңеш жыйынында “Билим берүү жөнүндө” мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу” мыйзам долбоору 2–окууда каралды. Мыйзам долбоорунун демилгечиси – депутат Дастан Бекешев. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.
Мыйзам долбоорун 2-окууда Билим берүү, илим, маданият жана спорт боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Осмоналиев алып чыкты. Маалыматка ылайык, мыйзам долбоорунда мамлекеттик же муниципалдык билим берүү уюмдарынын камкорчулук кеңештери мыйзамдарга карама-каршы келбеген финансылык жана башка материалдык каражаттарды ыктыярдуу негизде тартууга укуктуулугу белгиленген. Ошону менен катар Камкорчулук кеңеш билим берүү уюмдарынын жетекчилери менен биргеликте келерки жылда республикалык же жергиликтүү бюджеттин эсебинен жабылбай турган мекеменин керектөөсүн аныктайт. Бул процесске мугалимдер киришпейт, эгерде алар кирише турган болсо алардын жоопкерчилиги карала турганын долбоордо каралган.
Талкууда депутат Исмаил Исаков чогултула турган каражаттын өлчөмүн так белгилөө керектигин сунуштады. Демилгечи депутат Дастан Бекешев ар бир мектептин муктаждыгы ар башка болоорун айтып, бир конкреттүү сан көрсөтүү туура болбой калат деген пикирин билдирди. Мектептерде коомдук фонддор түзүлүп, каражат чогултулуп, ар кандай нааразычылык кептер чыгууда. Бул көрүнүштү алмаштыруу максатында ата-энелердин өздөрүнөн түзүлгөн Камкорчулук кеңеши өздөрү ыктыярдуу каражат чогултуу ыкмасына алмаштыруу сунушталып жатканын, мыйзам күчүнө кирсе коомдук фонддор каражат чогултпастыгын кошумчалады демилгечи.
Камкорчулук кеңештердин юридикалык макамы жоктугун белгилеген депутат Элвира Жумалиева Өкмөт тарабынан Камкорчулук кеңештердин баарына бирдей болгон жалпы жобосун иштеп чыгуусу керектигин айтты.
Депутат Мирлан Бакиров Башмыйзамда мектеп муктаждыктарын мамлекет камсыздаары, ар бир бала бекер билим алууга укуктуулугу жазылганын белгилеп, сунушталган мыйзам долбоору дагы Башмыйзамга каршы келет деген пикирин ортого салды. Мындай маселени улаган депутат Наталья Никитенко Камкорчулук кеңешти акча чогултуучуга айландырып, мектептерде бул багытта конфликт күчөбөйбү деген кооптонуусун айтты.
Азыркы шартта Камкорчулук кеңештерге колунда бар ата-энелер кирип алып, калган ата-энелерден каражат чогултууда көйгөйлөр жаралган көрүнүштөр дагы бар экени белгилүү болду.
Мыйзам долбоорун колдоого алган депутат Бакыт Шаршеев мындай кырдаалдарга тиешелүү министрлик көзөмөл кылып, демилге аткаруу бийлигинен чыгышы керек эле деп Өкмөттү сынга алды. Мектептерде чогултулган каражаттар көп сумма чогултулаарын, жыйынтыгы билинбей жатканын билдирген депутат Майрамгүл Тиленчиева мыйзам долбоорун колдоого алды.
Жыйынтыгында мыйзам долбоору 2-окууда добуш берүүгө жиберилди.


Комментарий кошуу