карышкыр1

    Мындай маалыматты Нарын районунун акими Түгөлбай Жанбоев билдирди.

-Облус жетекчиси Аманбай Кайыпович өкүлдүн камкордук корунан бир карышкыр үчүн 5 миң сом бере тургандыгын айтты. Ал эми биз болсо айыл өкмөттөр менен сүйлөшүп, алар да 5 миң сомдон кем эмес сыйлык бермей болушту. Бир гана шарт бар. Жаңы атылган карышкырдын башы атайын комиссияга көрсөтүлөт жана кулагына бирка тагылат. Ошондон кийин акчасы берилет,-дейт Т.Жанбоев мырза.

Облустук өкүлчүлүктүн башкы адиси Табылды Жумагулов 2014-жылы облус аймагы боюнча болжолдуу эсеп менен алганда мал ээлери 9 миллион сомдон ашуун малдарын карышкырларга жедиргендигин маалымдады. Ал эми өткөн жыл ичинде 177 карышкыр, 54 чөө гана атылган.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу