Нарында айыл аймагы бийликке 11 талап-сунуш келтирди
Нарын районунун Дөбөлү айыл аймагынын айылдык Кеңеши Өкмөттүн облустагы өкүлүнө, район акимине Жогорку Нарын каскаддарынын (ЖНК) курулушуна байланыштуу 11 бөлүктөн турган талап-сунушту бергендиктерин Кеңештин төрагасы Курманбек Ысаков билдирди.
-ЖНК курулушуна Дөбөлү айыл аймагынан 804,73 гектар жер берилүүдө. Андан улам 230 тургундардын жер үлүштөрү жана 54 там, огород долбоордогу деривациялык каналга туш келүүдө. Бул үлүш жерлердин 75-85 пайызы түшүмдүүлүгү жогору болгон жер аянттары. Ошондо бир дыйкан орто эсеп менен бир гектар аянттан 71 667 сомдук кирешесинен куру жалак калмакчы. Ушундан улам биз алдын ала кайрылуу сунуштарды, талаптарыбызды билдирип жатабыз,-дейт К.Ысаков мырза.
Анда деривациялык канал баштала электе 150 гектар жаңы жерлерди өздөштүрүү, төлөнүүчү компенсацияларды элдин талабына ылайык чечип берүү, тамдары, жер үлүштөрү, огороддоу кеткен жарандарды ЖНК жабык акционердик коомуна мүчөлүккө алуу, Жети-Өгүз районуна ижарага берилген 23 миң га жайытты кайтарып берүү, үстөксүз насыяларды камсыздоо, жеке менчик 215 гектар жер үчүн 15 миллион сом сомдук компенсация төлөө ж.б. талап-сунуштар келтирилген.
-Биз айыл өкмөттүн жылдык ишмердүүлүгүнө арналган жыйында ушундай катты алдык. Эми ал сунуш-талаптарды тиешелүү жактарга жеткиребиз,-деген жообун келтирет район акими Түгөлбай Жанбоев.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Комментарий кошуу