абдул1

 Сауд Аравиясынын королу Абдулла бен Абдель Азиз Аль Сауд 91 жаш курагында дүйнө салды, деп билдирет бүгүн, 23-январда Sky News Arabya телеканалы.

Маалым болгондой, мурунку айда ага пневмония дарт аныктамасы берилип, ооруканага жаткырылган. Январь айынын башында ооруканадан чыгарылып, дем алуусун жеңилдетүүчү атайын түтүк коюлган. Ошондой эле, акыркы 4 жылда жүлүнүнө бир нече ирет операция жасалган.

Абдулла дүйнөдөгү эң кары монарх болгон. Ал биринчи сауд королу Абдул-Азиз IIнин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Мекке шаарынын мэри, улуттук гвардиянын кол башчысы, премьер-министрдин биринчи орун басары болуп эмгектенген. Ал эми, 1982-жылы тактын мураскору аталып, 2005-жылы каза болгон агасы Фахддын ордуна келген.

Белгилей кетсек, Абдулла 6-монарх болгон. Учурда такка 76 жаштагы мураскор Сальман ибн Абдель Азиз Аль Сауд отурду. Ал биринчи монарх Абдель Азиздин 25-уулу.