пожарн

2014-жыл ичинде Нарын облусу боюнча 182 өрт кырсыгы катталгандыгын облустук өрткө каршы кызмат башкармалыгынын жетекчиси Чолпонбек Боскунчиев билдирди. Натыйжада тилсиз жоодон Жумгал районунан 2 жана Нарын шаарынан 1 адам каза болгон. 3 жаран күйүк жаракат алышса, 4 адам иске ууланышкан. Өрттөн 5 миллион 719 миң сомдук социалдык-экономикалык чыгым келтирилген. Ошол эле учурда өздүк курамдын ыкчам аракеттеринен улам 1 адамдын өмүрү жана жалпысы 46 млн. 226 миң сомдук материалдык баалуулуктар сакталып калган.

-Мындан ачык отту туура эмес пайдалануудан 48, тамеки тартуудагы этиятсыздыктан 38, балдардын от менен ойноосунан 26, электр колдонуудан жана жабдуулардан жалпысы 30, атайын өрттөөдөн 14, от жагуучу мештерден жалпысы 11 жолу өрт кырсыктары болгон,-дейт Ч.Боскунчиев мырза.

Ошол эле учурда 6 өрт кырсыгы боюнча кылмыш иши козголуп, 32 өрт боюнча кылмыш иш козгоодон баш тартылган.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу