Нарында Улуу Ата Мекендик согушка катышкан 41 ардагер бар
22-январь күнү облустук өкүлчүлүктө Улуу Жеңиштин 70 жылдыгын өткөрүү боюнча облустук алкакта уюштуруу тобунун алгачкы отуруму болуп өттү. Жыйынды уюштуруу топтун төрагасы, өкүл Аманбай Кайыпов алып барды. Анда Москва жана Бишкек шаарларына өтүлүүчү аскер парадга бара турган ардагерлерди аныктоо, ар бир айыл аймактарда жана мектептерде үзгүлтүксүз иш-чараларды өткөрүү, эң башкысы 9-майга карата даярдыкты көрүү жараяндары талкууланды.
Нарын аскер горнизону, ички иштер органдары, өзгөчө кырдаалдар жана өрт кызматтары тарабынан бери дегенде 8 топтон турган парадды өткөрүү, мүмкүнчүлүгү келген ардагерлерди Нарын шаарына чогултуп сыйлоо, улуттук ат оюндарын уюштуруу боюнча пикирлер айтылды.
-Негизи Улуу Жеңиштин 70 жылдыгы ар бир айылдарда элдик майрам катары өткөрүлсө. Себеби азыркы муундар бул согуш эмне экендигин билишпейт. Ошондуктан Жеңиш кандай азап-тозок менен келгендигин элеттиктер сезгендей болсо,-деген такилигин келтирди облустук ардагерлер Кеңешинин төрагасы Кайып Калназаров аксакал.
Ал эми жергиликтүү талдоочу Марат Рустемов парадда анык аскерлердей басуу керектигин, болбосо уят болуунун зарылдыгы жоктугун белгиледи.
-Ырас аскердик парад боло турган болсо, оңго бурул десе солго бурулгандай болбош керек. Мисалы биздин учурда мындай параддарга жок дегенде 3 ай даярдоочу. Мүмкүнчүлүккө жараша бир топту 1945-жылдагыдай форма менен бастыруу зарыл. Ошол эле учурда тылда эмгектенгендер да сыртта калбашы керек. Чындыгында тылдагылар болбосо, согуштун Жеңиши балким болмок эмес,-дейт М.Рустемов мырза.
Өкүлчүлүк берген маалымат боюнча 20-январга карата Нарын облусунда согушка катышкан жана майып болгон 41 ардагер бар.
Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу


Leave a Reply