карышкыр1

КРнын аңчылык департаментинин Нарын облусундагы өкүлү Сагынаалы Боогачиев учурда Нарын облусунда КРнын Коргоо министрлигинен, аңчылык департаменттен, балыкчылар жана мергенчилер коомунан турган атайын эки топ карышкырларды атуу үчүн келгендиктерин билдирди.

-Биринчи топ Кочкор, Жумгал райондорунда, экинчилери Ак-Талаа, Ат-Башы жана Нарын райондорунда болушууда. Бизге кайсы айыл аймакта карышкыр күч болуп жатат деп билдиришсе, биз ошол жактарга баруудабыз,-дейт С.Боогачиев мырза. Негизи эле бир нече жылдан бери мал киндиктүү Теңир Тоо жергесинде карышкырлар күч болуп жаткандыгы белгилүү. Облустук өкүлчүлүктүн башкы адиси Табылды Жумагулов 2014-жыл ичинде облус боюнча 177 карышкыр, 54 чөө атылып жок кылынгандыгын, кашабалар жеген малдан облус калкы 9 миллион 33 миң сом зыян тарткандыгын билдирди. Ал эми жыл жаңыргандан бери 20 күндө 4 карышкыр атылган экен.

Атүгүл Ак-Талаа районунан малын караганы чыккан жаран карышкырга бетме-бет чыгып, натыйжада ал аны менен кармашып, жыйынтыгында дарыланууга кириптер болгондугу да белгилүү.

Күмөндөр УСУПТЕГИН, Нарын облусу