Депутат К.Бокоев: “Биометрикалык маалыматтарды топтоо боюнча токтом чыкпаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары бузулат”
Жер-жерлерде калктын биометрикалык маалыматтарын муниципиалдык кызматкерлер чогултушу керектиги боюнча Өкмөттүн токтому чыкканбы деген суроону депутат Кенжебек Бокоев бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин “Ар түрдүү маселелер” саатында Өкмөттүн астына койду. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы маалымдады.
Анын пикиринде, мындай чечим кабыл алынып, алардын кызматы үчүн акы каралбаса жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын укуктары бузулат. Себеби, жер-жерлерде айыл өкмөттөрүнүн кызматкерлери башка иштерин таштап, биометрика менен алек болууда.
Мындан сырткары, Талас облусунун Казакстан менен чектеш аймактардагы өткөрүү пункттары ачылып-ачылбастыгы боюнча маалымат берүүнү жергиликтүү тургундар талап кылып жаткандыгын билдирди. Депутат Кара-Буура районунун борбору болгон Кызыл-Адыр айылынын канализация маселесинин чечилишине көмөктөшүүнү өтүнүшкөндүгүн Өкмөткө багыттады.


Комментарий кошуу