Аксы району АКШнын Калифорния штаты менен соода-сатык жагында кызматташат
Аксы районунун эли өткөн жылы кара кайналы түшүмүн жыйноодо мыкты ийгиликти колго киргизишти деп маалымдайт өкүлдүн басма сөз катчысы. Район боюнча 2014-жылы кургатылган түрүндө 500 тонна кара кайналы түшүмү жыйналды. Азыркы учурда райондун аймагында кайналы кургатуучу 70тен ашуун чакан цехтер иштеп жатат.
-Азыркы мезгилде биз кара кайналыны кургатылган түрүндө гана экспортко чыгарып жатабыз. Албетте, бул бизди толук канааттандырбайт. Учурда биз кара кайналыны толугу менен өзүбүздө иштетип, аны кымбат баада экспортко чыгаруу үчүн АКШнын Калифорния штаты менен соода-сатык тармагында кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Ал жактан кара кайналыны кайра иштетүү жана консервациялоо боюнча жабдууларды алып келүү багытында кызматташуу иштери жүрүп жатат. Буйруса ал ишке ашып калса, кара кайналы өстүрүшкөн элибиздин тапкан кирешелери дагы кыйла артаары бышык,- дейт Аксы районунун акими Медетбек Айдаралиев.
Белгилей кетүүчү жагдай, Аксы районунун эли өндүрүп жаткан кара кайналыны сатып алууга Россия, Индия, Катар жана Япония өлкөлөрү терең кызыктар жана аталган өлкөлөрдүн Кыргызстандагы элчилери жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен бул багытта сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.
Жолдошбай ОСМОНОВ, журналист



Leave a Reply